Ар бир райондун борборлорунда ипотекалык негиздеги турак жайлар курулат. Бул тууралуу Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” уктуруусунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, президент ар бир райондун борборлорунда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын (МИК) үйлөрүн куруу боюнча тапшырма коюуда. Ошондой эле бул багытта жеке компаниялардан да сунуштар түшүп жатат.
“Өлкөдө турак жайга болгон суроо-талап жогору, көп кабаттуу үйлөрдү куруу аркылуу жарандарды турак жай менен камсыз кылышыбыз керек” – деди Төрөбаев