Ысык-Ата районунда 100 гектар аянтты камтыган жерге тери заводу курулат. Бул тууралуу Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” уктуруусунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.
Анын айтымында, аталган жер мурда жеке менчикте болгон, учурда мамлекетке өткөрүлүп, толугу менен мамлекеттик менчикке айланган. Ал жерде 100 пайыз мамлекетке таандык мекеме жайгашат.
Министр белгилегендей, президент бул аймакка тери заводун куруу тапшырмасын берген. Заводду куруу боюнча негизги маселелер чечилип, жакын арада курулуш иштери башталат. Бирок ишкерлер үчүн негизги көйгөй — инфраструктуранын жетишсиздиги болуп келген. Айрыкча тери заводун куруу үчүн канализациянын болушу абдан маанилүү.
“Өлкөдө тери заводдору бар, бирок алар заманбап талаптарга жооп бербейт. Биз бул жолу жаңы технологияларды колдонуу менен завод курабыз”, — деди министр.
Анын айтымында, “Тойбос” компаниясы тери заводун курууга кызыкдар экенин билдирген. Бирок компания тарап жарык, суу жана канализация маселелерин өз алдынча чечүү кыйын экенин айткан. Натыйжада мамлекет тарабынан президенттин колдоосу менен каражат бөлүнүп, 100 гектар аймакка канализация тартылууда. Электр энергиясы менен суу да жеткирилген.
Министр кошумчалагандай, бул өнөр жай аймагына каалаган адам кире албайт. Анда жүн, тери жана мал чарбачылыгына байланышкан ишканалар гана иш алып барат. Заводдо мал жандыктарынын калдыктары, тери жана жүн кайра иштетилет.