Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Биринчи радионун “Таңкы Кыргызстан” уктуруусунда берген маегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Министрдин айтымында, 2025-жылдын 11 айында Кыргыз Республикасынын ички дүң продукциясы 1 триллион 628 миллиард сомго жакындады. Жыл жыйынтыгы менен бул көрсөткүч дагы өсөрү күтүлүүдө. ИДПнын жалпы өсүү темпи 10,2 пайызды түздү.
Тармактар боюнча өсүү төмөнкүдөй болду:
– өндүрүш тармагында – 10,2%,
– курулушта – 29%,
– кызмат көрсөтүү секторунда – 8,9%,
– айыл чарба тармагында – 2%.
Бакыт Төрөбаев белгилегендей, 2025-жыл кургакчыл болгондугуна карабастан, айыл чарба тармагында оң өсүү темпи сакталды. Бул көрсөткүч агрардык сектордун туруктуулугун, мамлекеттик колдоонун жана жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун айгинелейт.
Айыл чарба өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо жана жалпы экономикалык өсүшкө салым кошууда маанилүү ролду ойноону улантууда.