Тынчтык Шайназаров: Антты жаттадым, адашпайм дегендер адашты
Новость

Антты жаттаганга караганда, жөн гана окуп коюу жакшыраак. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

“Жаттаганга караганда, жөн гана окуган жакшыраак көрүнөт. Бул – тажрыйба. Окугандар уят болгон жок. Ал эми “жаттадым, адашпайм” дегендер адашты. Себеби, ал жерде бүт депутаттар, президент, журналисттер жана түз эфирде бүт Кыргызстан көрүп турат. Ар бир адам толкунданат. Мен төш белгини тапшырып жатканда көбүнүн денеси титиреп кетти. Ошондуктан көпчүлүккө жөн гана чыгып окууну сунуштадым”, – деди Тынчтык Шайназаров.