Нарында 25 миң айдоочу жол эрежесин бузган
Новость

Нарын облусунун аймагында 11 ай ичинде  25 миң  514 айдоочу жол эрежесин бузган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Майрамбек Өмүркожоев билдирди.

Анын айтымында, аларга карата 65 миллион 815 миң 500 сом айып пул салынып, анын  80 пайызы өндүрүлгөн.

Жол эрежесин бузган айдоочулардын 741и мас абалында автоунаа башкарган. Сот органдарына жалпы 728 материал жөнөтүлүп, 403 айдоочу унаа айдоо укугунан ажыратылган. Ал эми 168 айдоочу камакка алынса, 13 айдоочуга айып салынган.