Пландан жогору көрсөткүч: Бажы кызматы 152 млрд сом каражат чогултту
Новость

Бажы кызматы пландын көрсөткүчтөрүн ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев билдирди.

Анын айтымында, бажы кызматынын негизги милдети — белгиленген пландык көрсөткүчтөрдү толук камсыз кылуу. Жыл башында бажы кызматына 128 млрд 400 млн сом өлчөмүндөгү киреше планы прогноз катары бекитилген. Бул көрсөткүч толугу менен аткарылган.

Мындан тышкары, быйылкы жылга карата такталган бюджет учурда Жогорку Кеңеште каралып жатат. Ага ылайык, бажы кызматына 151 млрд 600 млн сомго план бекитилип берилген. Бирок бүгүнкү күнгө карата бажы кызматы 152 млрд сомдон ашык каражат чогултуп, пландын көрсөткүчтөрүн ашыгы менен аткарды.