1 триллион 93 миллиард сом – бул жөн гана каржылык көрсөткүч эмес, бул акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан экономикалык жана фискалдык саясаттын реалдуу натыйжасы. Бизге 2027-жылга чейин триллиондук көрсөткүчкө жетүү милдети коюлган, бирок мен белгилеп кетким келет, биз бул максатка мөөнөтүнөн мурда, 2025-жылы эле жеттик. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев билдирди.
"Бюджетти жана өткөн жылдын отчетун сунуштаганда, 2024-жылы ИДПнын өсүшү 9% деңгээлинде болжолдонгон. Акыркы эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата ИДПнын такталган өсүшү 11,5% түздү. 2025-жылы да ушундай эле темп сакталды: 11 айдын жыйынтыгы боюнча өсүш 10,2% түздү. 2024-жылы ИДПнын такталган номиналдык көлөмү 1,6 трлн сомду түздү, ал эми 2025-жылы, биздин баамыбызда, 1,8 трлн сомдон ашат. 2020-жылы номиналдык ИДП 639 млрд сомду түзгөн. 2024-жылы жан башына ИДП 2 513 АКШ долларын түзүп, 2021-жылга салыштырмалуу 86%га көбөйдү. 2025-жылы, жагымдуу шарттарда, бул көрсөткүч 2 800 АКШ долларынан ашат",- деди Министрлер кабинетинин башчысы, бул көрсөткүчтөр өлкөнүн экономикасы туруктуу өсүү жолуна түшкөнүн жана жүргүзүлүп жаткан реформалар реалдуу натыйжаларды берип жатканын тастыктайт.
Ал белгилегендей, Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирсе, 2025-жылы ЕАЭБде биринчи орунду ээледи.
"Президенттин «инвесторлордун артынан чуркашыбыз керек» деген принцибин жетекчиликке алып, өлкөнүн эл аралык имиджин бекемдөө максатында бир топ маанилүү кадамдар жасалды. Тарыхта биринчи жолу үстүбүздөгү жылы Кыргызстан 700 млн АКШ долларына еврооблигация чыгарды. Бул кадам менен биз ири компанияларга эл аралык финансы рынокторуна жол ачтык — бул маанилүү окуя болду", - деди МинКаб башчысы.
Ал мындан тышкары USD KG улуттук стейблкоининин биринчи эмиссиясы ишке ашырылганын айтты.
"50 млн токен чыгарылды, алардын ар бири физикалык алтын менен камсыздалган жана 1 АКШ долларына барабар. Мындан тышкары, жылдын аягына чейин эл аралык биржалардын листингине киргизиле турган KG ST улуттук стейблкоинин ишке киргизүү боюнча иштер улантылууда. Бул стейблкоин улуттук валютага - кыргыз сомуна барабар болот", - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.
Анын айтымында, бул демилгелердин негизги максаты - Кыргызстандын глобалдык финансылык экосистемадагы позициясын бекемдөө.
"Алгачкы жыйынтыктар жакшы: Кыргызстанга болгон эл аралык ишеним артты. Эл аралык рейтингдик агенттиктер өлкөгө «B+» кредиттик рейтингин ыйгарышты. Биз бул рейтингди мындан ары да жогорулатууга умтулабыз. Бул жетишкендиктер Кыргызстандын эл аралык аренада ишенимдүү жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамлекет катары таанылып жатканын далилдейт", - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.