Мурда биздин бюджетибиз социалдык багытта болчу, каражаттын дээрлик жарымы социалдык тармакка багытталчу. Бүгүн биз бюджетибизди өнүгүү бюджети деп атасак жаңылышпайбыз.
Себеби, реалдуу секторго, капиталдык салымдарга жана Турукташтыруу фондуна бөлүнгөн каражаттар аркылуу биз өнүгүүгө ири суммаларды багыттап жатабыз:
35% — реалдуу секторго;
23% — социалдык секторго;
6% — капиталдык салымдарга;
10% — Турукташтыруу фондуна.
Мындай өнүгүү үчүн 2025-жылдын бюджетин аткарууда биз кошумча ресурстарды издеп таптык, тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиздик жана бул каражаттарды социалдык долбоорлорго жана өнүгүү долбоорлоруна багыттадык. Макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү турукташтырып, экономиканы "ысып кетүүдөн" сактап, биз кошумча бюджеттик каражаттарды товарларды сатып алууга эмес, өнүгүүгө багыттайбыз. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.
Ал мамлекеттин катышуусундагы бир катар ишканалар капиталдаштырылганын баса белгиледи. Алардын арасында "Элдик Банктын" уставдык капиталы 1 миллиард долларга жакындап, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 1 миллиард долларга жетти.
Ошондой эле ал чакан жана орто бизнести колдоо тууралуу айтып берди.
"Кыргызстандын азыркы өнүгүүсүндө чакан жана орто ишкердиктин ролу абдан чоң, анткени экономиканын түзүмү жана эмгек рыногу дал ушул секторго таянат. Мамлекет бизнести колдоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча бардык зарыл чараларды ишке ашырууда. Акыркы жылдары мамлекеттик кепилдиктер системасы стратегиялык инвестицияларды тартуунун катализатору болуп калды. 2022–2025-жылдары улуттук экономиканын 18 субъектине 31,8 млрд сомго кепилдик берилген. 12 банк аркылуу чакан жана орто бизнеске 9,5 млрд сомдук пайызсыз насыя берилип, алуучулардын саны 11 860ты түздү. 2025-жылы «Чакан жана орто ишкердикти жеңилдетилген каржылоо» долбоору ишке киргизилип, анын алкагында ишкерлерге жылдык 12% жеңилдетилген ставка менен 500 млн сом каралган. Ошондой эле текшерүүлөрдөн бошотуу жана VIP-кызматтар сыяктуу артыкчылыктар берилген ак ниет ишкерлердин реестри түзүлдү", - деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.