Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясынын расмий ишке киргизүү аземине катышты.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Берекелүү Сары-Өзөн Чүйдүн урматтуу тургундары!
Ардактуу мекендештер!
Өлкөбүздө электр кубатын негизинен агын суу, дарыяларыбыздан өндүрүп келет элек.
Элибиздин жашоо-турмушунда маанилүү секторго айланган энергетика тармагын өнүктүрүүгө көп күч-аракеттер жумшалууда.
Бүгүнкү күндө энергетика секторунда гидроэлектр станцияларынан сырткары, альтернативдүү булак катары күндөн, шамалдан электр кубатын өндүрүү биздин стратегиялык максаттарыбыздын бири болуп калды.
Мынакей, анын алгачкы мисалы катары бүгүн Кемин жергесинде күн электр станциясын ишке берүүнүн алдында турабыз.
Бул саамалык – биз үчүн абдан сонун жаңылык, тарыхый күн.
Эми биз чакан ГЭСтерди куруудан сырткары, жаңы электр булагы катары күн электр станциясынан да электр кубатын ала баштайбыз.
Мындай жагымдуу жаңылык менен жалпыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!
Жаркырап тийип турган күндүн жарыгы эми электр кубатына айланып, өндүрүш тармагынын жигердүүлүгүн арттырсын!
Башат алган күн электр станциясынын иши байсалдуу болсун!
Урматтуу мекендештер!
Энергетика тармагы Кыргызстан экономикасынын негизги кыймылдаткыч күчү экени баарыбызга белгилүү.
Өлкөдөгү бардык тармактар электр энергиясына түздөн-түз көз каранды болгондуктан, бул сектор стратегиялык мааниге ээ.
Өндүрүш, кен иштетүү, тейлөө, айыл чарба жана башка бир катар секторлор толугу менен электр энергиясына таянат.
Энергетика тармагы Кыргызстандын экономикасын көтөргөн жетектөөчү тармак катары артыкчылыкка ээ.
Мына ошондуктан электр кубатын өндүрүү жаатында бир топ иштерди аткарууга үлгүрдүк.
Өлкөбүз үчүн мааниси зор болгон Токтогул ГЭСинин төрт агрегатынын баары жаңыртылып, реконструкциядан кийин ГЭСтин кубаттуулугу 1200дөн 1440 мегаваттка чейин жогорулады.
Муну менен ГЭСтердин локомотиви болгон «Токтогулдун» өмүрүн дагы 40-50 жылга узарттык десек болот.
Ошону менен катар быйыл эле Чүй, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад облустарында бир катар чакан ГЭСтер курулуп ишке киргизилди.
Жакынкы аралыкта дагы бир катар чакан гидроэлектростанция пайдаланууга берилгени турат.
Дагы бир канча гидроэлектростанция куруу үчүн даярдык жана долбоорлоо иштери жүрүп жатат.
Урматтуу агайын-туугандар!
Биз агын сууларыбыздан электр кубатын өндүрүү менен катар, эки жылдан бери электр кубатын күндөн алуу боюнча пилоттук долбоорлорду сыноодон өткөрүп келебиз.
Ал эми Күн электр станциясынын ачылышы өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдоодо жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүдө маанилүү этаптын башаты болуп саналарын баса белгилейм.
Өлкөбүздө салттуу гидроэнергетикадан сырткары, күн жана шамалдан электр кубатын өндүрүү тармагында ири инвестициялык долбоорлордун портфели түзүлүүдө.
Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү колго алмайынча, айрыкча, калкты жана экономика субьектилерин толук кандуу электр кубаты менен камсыздоо мүмкүн эместигин түшүндүк.
Буга байланыштуу, алгач электр тармактарын модернизациялоого, ошондой эле энергияны топтоо системаларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Бул энергия менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана энергосистемадагы жүктү тең салмактоого мүмкүндүк берет.
Бул тармакты өнүктүрүү үчүн инвестиция тартууда мамлекеттин ролу чоң.
Биздин милдетибиз - инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, туруктуу ченемдик-укуктук базаны калыптандыруу, инфратүзүмдү өнүктүрүү жана мамлекет менен бизнестин ортосундагы өз ара кызматташуунун ачык-айкын жана түшүнүктүү механизмдерин камсыз кылуу.
Эң башкысы, ишкердик жүргүзүүгө уруксат берүүнүн жол-жоболорун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү менен бул сектордун алдыга жылышын камсыздап жатабыз.
Ошол эле учурда жеке сектор инвестициялардын, заманбап технологиялардын жана башкаруу чечимдеринин негизги булагы болуп саналат.
Биз ишкерлерди инвестор катары гана эмес, энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда жана инновацияларды киргизүүдө стратегиялык өнөктөш катары да карайбыз!
Урматтуу замандаштар!
Мындай иш-аракеттердин натыйжасында министрлер кабинети менен жеке инвесторлордун ортосунда кубаттуулугу 5 гиговаттан ашык күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча иинвестициялык 12 келишимге кол коюлган.
Учурда бир катар ири долбоорлор активдүү фазада турат.
Жыл аяктап калды, эми аларды кийинки жылы четинен ишке ашыруу мерчемделүүдө.
Мына ушундай ырааттуу жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерибиздин фонунда күн энергиясы боюнча алгачкы долбоор – бүгүнкү кубаттуулугу 100 мегаватт болгон Күн электр станциясынын курулушу, албетте, өзгөчө мааниге ээ.
“Этернал Энергия” компаниясы тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоордун инвестициясы 56 миллион АКШ долларын түзөт.
Бул долбоор эгемен Кыргызстандын тарыхындагы күн энергетикасына салынган эң ири жеке инвестициялардын бири болуп саналат.
Демек, долбоор чет элдик инвесторлордун өлкөбүздүн энергетика тармагына болгон кызыгуусу артып жатканын тастыктайт.
Күн электр станциясы аркылуу электр энергиясын өндүрүүнүн жылдык көлөмү болжол менен 210 миллион киловатт саатка жетет.
Салыштырып айтсак, бир райондун электр кубатына болгон керектөөсүн жабат дегенди түшүндүрөт.
Долбоорду ишке ашыруу электр берүүчү инфратүзүмдөргө күч келтирбей, бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет, натыйжада аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.
Станциянын ишке кириши өлкөдө күн энергетикасынын тармакка кошулгандан берки толук кубаттуулукка чыккан биринчи долбоору болуп калат.
Урматтуу мекендештер!
Бүгүнкү күн электр станциясынын ачылышы — өлкөбүздүн энергетикалык стратегиясындагы жаңы барак.
Туруктуу, таза жана коопсуз энергия булактарына өтүү Кыргызстанды өнүккөн, заманбап мамлекетке айлантууга карай ишенимдүү кадам болуп саналат.
Бул сыяктуу долбоорлор өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдап эле тим болбостон, аймактарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, экономикабыздын өсүшүнө түздөн-түз салым кошот.
Бүгүнкү иш-чарадан пайдаланып, мындай чоң эмгектин артында турган бардык адистерге, инвесторлорго, куруучуларга жана башка салым кошкон адамдарга терең ыраазычылык билдире кетейин.
Жаңы станциянын иши ийгиликтүү болсун!
Күн электр станциясы элибизге жарык, жылуулук, туруктуулук жана экономикабызга жаңы дем берсин!”