Садыр Жапаров Кеминде кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясын ишке киргизди
Новость

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Чүй облусунун Кемин районунда кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.

Иш-чаранын башында конокторго долбоордун кубаттуулугу тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Станция болжол менен 210 миллион кВт⋅саат таза электр энергиясын өндүрөт. Көмүр кычкыл газынын чыгындылары 120 миң тоннага кыскарат. 

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы стратегиялык максат – альтернативдүү булактардан электр энергиясын өндүрүү экенин баса белгиледи.

Ал энергетика тармагынын маанилүү ролуна токтолду. Өндүрүш, кен иштетүү, тейлөө, айыл чарба жана башка бир катар секторлор толугу менен электр энергиясына таянат. 

Президент электр кубатын өндүрүү жаатында аткарылган иштерге өзгөчө көңүл бурду. Анын ичинде Токтогул ГЭСинин төрт агрегатынын баары жаңыртылып, реконструкциядан кийин ГЭСтин кубаттуулугу 1200дөн 1440 мегаваттка чейин жогорулады. 

Ошондой эле, быйыл Ысык-Көл, Чүй, Баткен жана Жалал-Абад облустарында бир катар кичи ГЭСтер курулуп, ишке киргизилди. Учурда жаңы гидроэлектростанцияларды куруу боюнча долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

Ошону менен катар быйыл эле Чүй, Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад облустарында бир катар чакан ГЭСтер курулуп ишке киргизилди. Учурда жаңы гидроэлектростанцияларды куруу үчүн даярдык жана долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

Агын суулардан электр кубатын өндүрүү менен катар, эки жылдан бери электр кубатын күндөн алуу боюнча пилоттук долбоорлор ишке ашырылууда.

“Күн электр станциясынын ачылышы өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын чыңдоодо жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүүдө маанилүү этаптын башаты болуп саналарын баса белгилейм. Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү колго алмайынча, айрыкча, калкты жана экономика субьектилерин толук кандуу электр кубаты менен камсыздоо мүмкүн эместигин түшүндүк”, - деди Садыр Жапаров жана бул жааттагы ири инвестициялык долбоорлордун түзүлүп жаткан топтомуна басым жасады. 

Ал мамлекеттин инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, туруктуу ченемдик-укуктук базаны калыптандыруу, инфратүзүмдү өнүктүрүү жана мамлекет менен бизнестин ортосундагы өз ара кызматташуунун ачык-айкын жана түшүнүктүү механизмдерин камсыз кылуу милдеттерин белгилеп өттү. 

“Ишкердик жүргүзүүгө уруксат берүүнүн жол-жоболорун мүмкүн болушунча жөнөкөйлөтүү менен бул сектордун алдыга жылышын камсыздап жатабыз. Ошол эле учурда жеке сектор инвестициялардын, заманбап технологиялардын жана башкаруу чечимдеринин негизги булагы болуп саналат. 

Биз ишкерлерди инвестор катары гана эмес, энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда жана инновацияларды киргизүүдө стратегиялык өнөктөш катары да карайбыз”, - деп белгиледи Президент. 

Ал Министрлер Кабинети менен инвесторлордун ортосундагы ырааттуу иш-аракеттердин натыйжасында кубаттуулугу 5 гиговаттан ашык күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча иинвестициялык 12 келишимге кол коюлганын ырастады.

Өлкөдөгү биринчи күн электр станциясы жөнүндө сөз кылып жатып, Садыр Жапаров инвестициянын көлөмү 56 миллион АКШ долларын түзгөнүн белгиледи. Бул долбоор күн энергетикасына салынган инвестициянын көлөмү боюнча эң ири долбоорлордун бири болуп саналат жана чет элдик инвесторлордун бул тармакка болгон кызыгуусунун өсүп жатканын көрсөтүп турат.

“Электр энергиясын өндүрүүнүн жылдык көлөмү бир райондун электр кубатына болгон керектөөсүн жабат дегенди түшүндүрөт. Долбоорду ишке ашыруу электр берүүчү инфратүзүмдөргө  күч келтирбей, бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берет, натыйжада аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет”, - деди Мамлекет башчысы. 

Сөзүнүн аягында Президент Кыргызстанды өнүккөн жана заманбап мамлекетке айландыруу жолунда туруктуу жана таза энергия булактарына өтүүнүн маанисин баса белгилеп, бул масштабдуу долбоорду ишке ашырууга салым кошкон инвесторлорго жана адистерге ыраазычылык билдирди.

Андан соң Президент Садыр Жапаров күн электр станциясынын техникалык жайларын көрүп чыгып, андан кийин социалдык маанилүү темаларды көтөргөн жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Алар өз кезегинде аймакка көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жана ири долбоорлорду ишке ашырып жаткандыгы үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришти.