УТРКнын башкы директору Кытайдын Медиакорпорациясынын Евразия бюросунун директору менен жолугушту
Новость

УТРКнын башкы директору Улан Сатиев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) Кытайдын Медиакорпорациясынын Евразия бюросунун директору Ван Бинь менен жолугушту.

Жолугушууда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШОС) алкагында медиа тармагындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.

Тараптар биргелешкен иш-чараларды жана долбоорлорду ШОСко мүчө өлкөлөрдүн медиафорумдарынын алкагында өткөрүү пландалып жатканын белгилешти. Өткөн жылы Астана шаарында өткөн медиафорумдун оң тажрыйбасы кийинки демилгелерди ишке ашырууда колдонулары айтылды.

Жолугушууда кызматташтыктын негизги багыттары белгиленди. Атап айтканда, биргелешкен медиа-контентти даярдоо, телерадио материалдар менен алмашуу, кызматкерлердин тажрыйба алмашуусу жана стажировкаларын уюштуруу маселелери каралды 

Мындан тышкары, тараптар биргелешкен даректүү тасманы даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту. Учурда долбоор сценарийди макулдашуу баскычында турат. Тасманы тартуу иштерин баштоо болжол менен май айына пландалууда. Сценарий кеңири аудиторияга ылайыкташтырылып, телеберүү талаптарына жараша такталары белгиленди.

Кытай тарап ШОС алкагындагы иш-чараларга байланыштуу кошумча биргелешкен медиа-долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди. Анын ичинде Кытайда жана башка мүчө өлкөлөрдө өтө турган медиафорумдарга активдүү катышуу пландары бар.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар медиа тармагындагы системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдирип, мындай өнөктөштүк кыргыз-кытай мамилелерин чыңдоодо маанилүү роль ойной турганын белгилешти.