Бүгүн, 25-декабрда, IV Элдик Курултай башталат. Ага Президент Садыр Жапаров катышат.
Курултайга жалпысынан 700 делегат катышат. Иш-чара эки күнгө созулат.
Түз эфир УТРК, ЭлТР телеканалдарынын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, ошондой эле социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жеткиликтүү болот.
IV Элдик Курултай саат 10:00дө башталат.
Элдик курултай 2022-жылдан тартып өткөрүлө баштаган. Быйыл төртүнчү ирет уюштурулат.