Бүгүн, 25-декабрда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик курултай өтүүдө.
Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан келген 700 делегат катышууда. Алардын 43ү Нарын облусунан болуп, курултайга 42 маселе алып келишкен.
Райондор боюнча делегаттардын саны төмөнкүдөй:
- Кочкор районунан — 10;
- Жумгал районунан — 7;
- Ат-Башы районунан — 9;
- Нарын районунан — 8;
- Ак-Талаа районунан — 6;
- Нарын шаарынан — 3 делегат.
Делегаттар курултайга чейин аймактарындагы көйгөйлөрдү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен талкуулап, биринчи кезекте чечүүнү талап кылган негизги маселелерди аныкташкан. Бул маселелерди алар курултайдын жүрүшүндө мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнө жеткиришет.
Тактап айтканда, Нарын облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, аймакты өнүктүрүү, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жайыттардын жана жаңы уюшулган калктуу конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү, калкты таза жана сугат суу менен камсыздоо, саламаттыкты сактоо тармагын чыңдап, оорулардын алдын алуу, чакан ГЭСтерди куруу, айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн асыл тукум заводдорун уюштуруу, ошондой эле мамлекеттик банктар тарабынан берилген насыялардын пайыздык чендерин калк үчүн жеткиликтүү кылуу маселелери көтөрүлүүдө.
Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын ноябрь айында, экинчиси 2023-жылдын декабрь айында, үчүнчүсү 2024-жылдын декабрь айында өткөн.