Камчыбек Ташиев: Ким аялга курал колдонсо, жоопкерчилик катуу болот!
Новость

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күн мурун мурдагы күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн аялдын каргашалуу өлүмү боюнча “Кабар” маалымат агенттигине өз пикирин билдирди.

Ал окуяны терең кайгыруу менен кабыл алганын айтып, мындай кылмышка эч кандай шылтоо болбой турганын баса белгиледи.

"Кечээ бүтүндөй өлкө үч баланын энеси болгон аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу суук кабарды терең кайгыруу жана ичиркенүү менен кабыл алды.

Эркек катары, ата катары жана мамлекеттин өкүлү катары, мындай кылмышка эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эмес.

Адам башка бирөөнүн өмүрүн кыйып жатса, "үй-бүлөлүк чыр-чатак", "эмоция", "ичимдик" же "жеке жагдайлар" тууралуу айтылган сөздөр орунсуз. Аялга, өзгөчө — энеге кол салууну актоого болбойт. Бул жөн эле тиричиликтеги уруш эмес. Бул — киши өлтүрүү.

Мамлекет аялдарды жана балдарды өзгөчө коргоого милдеттүү жана коргойт. Аялга кол көтөргөн, ал тургай курал кезеген ар бир адам, жаза катаал жана кутулгус болорун билиши керек. Мындай учурларда мыйзам эч качан жеңилдик бербейт.

Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат жана күнөөлүү адам мыйзам чегинде эң оор жаза алат. Бул — отчёт үчүн эмес, адилеттүүлүк жана жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн жасалган принципиалдуу позиция.

Каза болгон келиндин балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мамлекет зомбулуктун эмес, жабырлануучунун тарабында экенин белгилейм", - деди ал.

Белгилей кетсек, 23-декабрда Бишкекте 47 жаштагы аял мурдагы күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн.