Бүгүн, 25-декабрда Нарын облусунда 10 объект ачылып, пайдаланууга берилет. Анын сегизи социалдык, экөөсү өндүрүштүк объекттер.
Объекттердин ачылыш аземине Президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышат.
Ачыла турган объекттердин катарында Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы 90 орундуу бала бакча, Кош-Дөбө айылындагы 20 орундуу оорукана жана Кара-Бүргөн айылындагы сүттү иштетүүчү ишкана бар.
Мындан тышкары, Ат-Башы районунда асфальт-бетон заводу, Баш-Кайыңды айылында 120 орундуу бала бакча, Жумгал районунун Жумгал айылында 75 орундуу жана Байзак айылында 120 орундуу бала бакчалар, Нарын районунун Лахол айылында спорт комплекси ачылат.
Ошондой эле Нарын шаарындагы №2 В. Чкалов атындагы мектептин 500 орундуу окуу корпусу жана №10 Ж. Чолпонбаев атындагы мектептин 375 орундуу жаңы имараты пайдаланууга берилет.



