IV Элдик Курултай: Ысык-Көлдөн 51 делегат катышууда
Новость

Бүгүн, 25-декабрда, Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда IV Элдик курултай өтүп жатат.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан келген 700 делегат катышууда. Алардын ичинен 51 делегат Ысык-Көл облусунан дайындалып, 48 маселе менен барышты.

Райондор боюнча алсак, Ак-Суу районунан – 8, Жети-Өгүз районунан – 10, Ысык-Көл районунан – 10, Тоң районунан – 7, Түп районунан – 9, Каракол шаарынан – 4 жана Балыкчы шаарынан – 3 делегат катышууда.

Делегаттар курултайга чейин жер-жерлердеги көйгөйлөрдү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен талкуулап, биринчи кезекте чечүүнү талап кылган негизги маселелерди аныкташкан. Бул маселелерди алар Элдик курултайдын алкагында тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткиришет.

Тактап айтканда, Ысык-Көл облусунан Көлдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, Ысык-Көлдү коргоо, туризм тармагын өнүктүрүү, облустун экологиясын сактоо, саркынды сууларды жөнгө салуу, чакан ГЭСтерди куруу, ирригация маселелерин чечүү, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу сыяктуу маселелер көтөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын ноябрь айында, экинчиси 2023-жылдын декабрь айында, ал эми үчүнчү Элдик курултай 2024-жылдын декабрь айында өткөн.