Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда IV Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзүндө, Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстан дүйнөдө реалдуу ИДПнын өсүү темпи боюнча алдыңкы үч өлкөнүн катарына киргенин белгиледи.
Мамлекет башчысы бул биздин экономикалык саясатыбыздын натыйжалуулугун, улуттук стратегиянын туура экендигинин жана элибиздин тынымсыз эмгегинин айкын далили экенине өзгөчө токтолду.
Ал акыркы төрт жылда Кыргыз Республикасынын экономикасы болуп көрбөгөндөй жогорку темп менен өсүп жатканын айтты.
“Соңку үч жылда ИДПнын орточо өсүү темпи 9,8 пайызды түздү. Быйыл да экономикалык активдүүлүк жогору бойдон сакталды. 2025-жылдын 11 айында ИДПнын реалдуу өсүшү 10,2 пайызга жетип, эң жогорку көрсөткүчкө көтөрүлдү.
Эгерде 2020-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмү 247,7 млрд сом болсо, быйылкы көрсөткүч боюнча 1 триллион 93 млрд сомдун чегинде болду.
Кыска тарыхый учур үчүн бул дээрлик төрт эселеген өсүш”, - деди ал.
Президент ошондой эле мындай динамикалык өсүш өлкөнүн каржылык негизинин бекемделип жатканын күбөлөндүрүп турарына токтолду.
Дүйнөдөгү белгилүү жана алдынкы рейтингдик агенттиктер тарабынан 2025-жылы Кыргызстандын суверендүү кредиттик рейтинги «Б+» деңгээлине көтөрүлдү, бул мамлекетибиздин эл аралык аброюн жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга жасалган чоң кадам болду.
Президент Садыр Жапаров бардык көрсөткүчтөр Кыргызстан экономикасынын туруктуу жана сапаттуу өсүү траекториясына өткөнүн билдирет деген жыйынтыгын айтты.