Айтматов районунда 225 орундуу мектеп ачылды
Новость

Бүгүн, 25-декабрда Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Кара-Суу айылындагы Базылбек Айтпаев атындагы орто мектеби Президент Садыр Жапаровдун аралыктан катышуусунда ачылды.

Аталган мектептин курулушу 2014-жылы башталып, ал ортодо курулуш токтоп калган. 2024-жылы мамлекеттик бюджеттен 53 млн сом бөлүнүп, курулушу быйыл толук бүткөрүлдү. 

225 орундуу мектеп спорт зал, ашкана, класстык бөлмөлөр, жыйын залы, ажаатканалары менен жабдылган. 

Б.Айтпаев мектебинде учурда 528 окуучу билим алат. Айыл тургундары жана мектеп окуучулары, мугалимдер кубануу менен мамлекет башчысына ыраазычылык билдиришүүдө.