Ат-Башы: Асфальт-бетон завод ачылды
Новость

Ат-Башы районундагы "Достук Nºl" асфальт-бетон заводу Кыргыз-Кытай эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын алкагында кредиттик негизде алынып келинген. 

Заводдун баштапкы баасы 77 миллион сомду түзөт. 2025-жылдын жай айларында Кытайлык адистер тарабынан куруу иштери жүргөн. Октябрь айы менен ишке кирип, жалпы 7464 тонна асфальт чыгарылды. Кубаттуулугу саатына 60 тоннадан 80 тоннага чейин асфальт өндүрүүгө жөндөмдүү.

Аталган бетон завод бүгүн Президенттин  онлайн катышуусунда салтанаттуу ачылды.