Нарын шаарындагы №2 В.Чкалов атындагы орто мектебинин 500 орундуу кошумча корпусу ачылды.
Бүгүн, 25-декабрда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун аралыктан катышуусунда мектептин кызыл тасмасы кесилип, салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер жана окуучулар катышты.
Мектептин жаңы курулган корпусу үч кабаттуу, 500 орундуу.
Долбоор алкагында мектеп толук материалдык-техникалык база менен жабдылып мугалимдердин иштөөсүнө жана окуучулардын билим алуусуна бардык шарттар каралган. Окуу корпусу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жалпы 178 миллион 149 миң сом жумшалган.
Аталган мектепте 2 миң 96 окуучу билим алат. Билим уянын биринчи корпусу 1954-жылы салынып авариялык абалда. Бул корпуста башталгыч каласстын 792 окуучусу үч смен менен билим алып келишет. Ал эми экинчи корпусу 1991-жылы курулган.