Нарын шаарынын РТС чөлкөмүндөгү №10 Ж.Чолпонбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектептин 375 орундуу жаңы имаратты курулуп бүттү.
Билим уянын кызыл тасмасы Президент Садыр Жапаровдун аралыктан катышуусунда кесилип, пайдаланууга берилди. Салтанатка жергиликтүү бийлик, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жана окуучулар катышты.
Курулуш өткөн жылы башталып, ага республикалык бюджеттен 168 миллион 964 миң сом бөлүнгөн.
Жаңы билим уянын имараты эки кабаттуу, үч блоктон турат. Ичи бардык эмеректер менен толук жабдылып, мугалимдер жана окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, коопсуздук үчүн 28 камера орнтотулган. Ошондой эле спорт залы, жыйындар залы, ашкана бар. Айланасы тосмолор менен тосулуп, жашылдандыруу да долбоор алкагында жасалган.
Мектеп директорунун убактылуу милдетин аткаруучу Айгүл Молдокулова учурда окуу процесси жүрүп жаткан мектеп 1992-жылы дүкөн катары курулганын билдирип, анда 1126 окуучу үч смен менен окуп келгенин айтты. Эми жаңы имаратка башталгыч класстын жана айрым жогорку класстар кирет. Ал эми жогорку класттрдан 7 класс эски корпуста окууларын улантат. Аталган билим уяда 72 мугалим эмгектенет.