Ак-Суу районунда бетон заводу ишке берилди
Новость

Ак-Суу районунда жайгашкан бетон заводу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн форматтагы катышуусунда ишке берилди.

Шагыл жана гравий өндүрүүчү майдалоо-сорттоо заводу жалпы 5 гектар аянтты ээлейт. Учурда курулуш иштери аяктап, ишкана этап-этабы менен толук кубаттуулукта иштөөгө даярдалууда. Завод толук кандуу ишке кирсе, саатына 100 тоннага чейин кум-шагыл өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Ишкананын ишке кириши менен 20дан ашуун жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орундары менен камсыз болот.

Белгилей кетсек, быйыл Ысык-Көл облусу боюнча жалпысынан 42 социалдык жана 12 өндүрүштүк объект пайдаланууга берилген.