Дениз денгээлинен 3 миң 20 метр бийиктикте орун алып, район борборунан 100 чакырым алыс жайгашкан Кош-Дөбө айылында жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу курулуп, пайдаланууга берилди. Анын ачылышына мамлекет башчы Садыр Жапаров онлайн катышты.
Оорукана республикалык каржынын эсебинен 65 миллион 901 миң сомго бардык талаптарга жооп берген шарттары менен салынды.
Ошондой эле жаңы медициналык жабдуулар менен жабдылып, дарыгерлер, медайымдар жана бейтаптар үчүн ыңгайлуу шарттар менен камсыздалды. 20 орунга ылайыкталган ооруканада төрөт бөлүмү да бар. Ушул жума ичинде анда эки наристе жарыкка келди.
Эски оорукана 1957-жылы ашар жолу менен курулган. 1989-жылы 20 койкалык оорукана болуп түзүлүп, 1992-жылы төрөт үйү ачылган.