Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан «Жети-Баатыр» ЖЧКсына караштуу этти кайра иштетүү ишканасынын ачылыш аземи онлайн форматта өттү. Ачылыш аземге Президент Садыр Жапаров онлайн катышты.
Иш-чарага ошондой эле министрдин орун басары Бектур Тунсунбекович жана Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Ош облусу боюнча региондук башкармалыгынын башчысы М. Турдуев катышты.
Аталган ишкана ишке ашырылуучу планга киргизилген 63 объекттин катарында орун алып, өлкөдө кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат. Жаңы ачылган ишкана заманбап технологиялар менен жабдылып, этти кайра иштетүү боюнча бардык санитардык жана техникалык талаптарга толук жооп берет.
Ишкананын ишке кириши аймактагы мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, кошумча жумуш орундарын түзүүгө жана ички рынокту сапаттуу эт азыктары менен камсыздоого өбөлгө түзмөкчү.