Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда агартуу жаатында жалпы 95–97 миң адис иш алып барат.
“Президентибиз келгенден бери мугалимдердин айлыгы экинчи жолу 100 пайызга көтөрүлүп жатат. Ошону менен катар президентибиз методисттердин айлыгы мугалимдерден кем болбосун деген талапты койду. Алардын маянасы 12–18 миң сомдун тегерегинде. Методисттер — мугалимдерди окуткан мугалимдер. Бирок алар мугалимдерге караганда төмөн айлык алышат”, — деди министр.
Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева айлык акынын көтөрүлүшүн эске алуу менен билим берүү тармагына болжол менен 100 млрд сомго жакын каражат бөлүнөрүн кошумчалады.