26-декабрда саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов БУУ тутумуна кирген уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, дары-дармек менен камсыздоо маселелерин талкуулады.
Жолугушууда улуттук жөнгө салуу тутумун чыңдоо, калк үчүн зарыл дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, сатып алуулардагы ачык-айкындуулук жана жеткирүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Министр сапаттуу дары-дармекке адилеттүү жеткиликтүүлүк мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгилеп, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануунун маанилүүлүгүн айтты.
Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр эл аралык стандарттарга ылайык сатып алууларды жүргүзүүнү, санариптик чечимдерди киргизүүнү жана саламаттык сактоо тутумунун потенциалын жогорулатууну колдоого даяр экенин билдиришти.
Тараптар кызматташууну Өз ара түшүнүшүү меморандумунун алкагында улантуу боюнча макулдашты.