Талас облусундагы Беш-Таш айыл аймагынын Жанкороз олуя айылында жайгашкан “Беш-Таш–Кайыңды” минералдык суу чыгаруучу кичи заводу ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Кичи завод заманбап технология жана эл аралык стандартка жооп берген жабдуулар менен камсыздалып, саатына 1000 даана бөтөлкө суу чыгара алат.
Ишкананын ишке берилиши облустун өнөр жай потенциалын кеңейтүүгө, ишкердикти өнүктүрүүгө жана калктын жашоо сапатын жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат.