Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери салыктык көзөмөл боюнча рейддик иш-чаралардын алкагында Бишкек шаарында контрафакттык алкоголдук продукцияны өндүргөн жашыруун цехти аныкташты.
«Арча-Бешик» турак жай конушунда жайгашкан цехтин имаратын текшерүү учурунда 122 даана жасалма алкоголдук продукция, келип чыгышы шектүү 2 миң 180 акциздик маркалар, спирттик өзгөчө жыты бар 110 литр суюктук, куюу үчүн колго жасалган жабдуу, ошондой эле ар кандай аталыштагы алкоголдук продукциялардын этикеткалары жана айнек идиштери табылган.
Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.