"Тазалык" кызматкерлеринин өлүмү: Мэр окуяны жеке көзөмөлгө алды
Новость

Бүгүн, 30-декабрда "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ауэзов көчөсүндөгү өздөрүнө бекитилген аймакты тазалап бүткөндөн кийин, жумуштан кайтып келе жатып, саат 8:00–8:30 чамасында Чоң Чүй каналына түшүп кетишкен. 

Тилекке каршы, кырсыктын кесепетинен алар каза болушкан. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев дароо барды.

Мэр кырдаалды өзгөчө көзөмөлгө алып, болгон окуяны ыкчам жана ар тараптуу иликтөө боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди.

Издөө иштеринин жыйынтыгынан кийин каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө «Тазалык» ишканасынын профсоюз комитетинин каражаттарынан тышкары, шаардык резервдик фонддон да жардам көрсөтүү тапшырылды.

Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып, бул факт боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Аталган кырдаал Бишкек шаарынын мэринин жеке көзөмөлүндө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Свердлов районундагы Аламедин-1 кичи районундагы Чоң Чүй каналына 3 адам түшүп кеткен. 

Алар 1988, 1963 жана 1966-жылы туулган жарандар.  1988-жылы туулган эркек кишинин сөөгү жергиликтүү тургундар тарабынан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми 2 эркек кишини издөө иштери улантылууда.

Издөө жана куткаруу иштерине саат 09:05те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.