Жалал-Абад: №13 көп мандаттуу округда кайра шайлоонун мөөнөтү белгиленди
Новость

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жалал-Абад облусундагы №13 көп мандаттуу округ боюнча кайра шайлоону 1-мартка белгиледи. Үгүт иштери добуш берүү күнүнө 20 күн калганда расмий түрдө башталат. Бул чечим БШКнын акыркы жыйынында кабыл алынды.

Буга чейин БШК аталган округдагы шайлоонун жыйынтыгын добуш берүүнүн купуялуулугу бузулгандыгы менен негиздеп, 3-декабрда жокко чыгарган. Комиссия мындай чечимди округдагы 35 шайлоо тилкесинде көзөмөл камералары орнотулуп, айрым адамдар шайлоочулардын кимге добуш берип жатканын байкап турганы үчун кабыл алганын билдирген. 

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда өткөн.