Нарын облусунда 31-декабрдагы жаңы жылдык майрам тынч өттү. Бул үчүн Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жана райондук шаардык бөлүмдөрдүн кызматкерлери 30-декабрдан баштап күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Коомдук коопсуздукту сактоо үчүн облус боюнча 400дөн ашык милиция кызматкери жана элдик кошуундар тартылды.
“Майрам күндөрү коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Сутка ичинде оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок. Коомдук-саясий кырдаал туруктуу. Учурда Нарын облусунун ички иштер органдары коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызматын улантууда”, — деп билдирди Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы.
Тартип сакчылары коомдук коопсуздукту сактоодо 8-январга чейин күчөтүлгөн тартипте кызматта болушат.