Социалдык тармактарда Бишкек шаарында курулуп жаткан “Алтай” турак жай шаарчасы боюнча видео тарады. Анда пайдубал үчүн казылган жерлерге суу толуп калганы көрсөтүлүп, ага коомчулук тынчсызданган эле. Буга Курулуш министрлиги расмий жооп берди. Анда долбоордук документтерде дренаждык системаны куруу, жер астындагы сууларды чыгаруу жана аймактын инженердик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен турак жай имараттарын беш кабаттан ашырбоо чечими кабыл алынган.
Бул чаралар курулуш коопсуздугун камсыздоого багытталган. Аталган аймакта мурда да жана азыркы учурда да башка ири объектилердин курулушу жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Министрлик Советтер Союзунун мезгилинде аталган аймакта курулган төрт-беш кабаттуу турак жайлар бүгүнкү күнго чейин өз калыбында турганын кошумчалаган.