Москвада кардын калыңдыгы 40 сантиметрге жетти
Новость

Москвага жааган кар 146 жылдагы метеорологиялык рекорддордун бештигине кирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.  

Аймакта 50 жылдагы күнүмдүк жаан-чачын рекорду да жаңыланды. 

Адистердин айтымында, Москвада кардын максималдуу калыңдыгы 39 сантиметрден ашты. Черусти, Михайловское жана Серпуховдо рекорддук өлчөмдөгү кар катталды. Окумуштуулардын белгилешинче, кышында шаарда калың кардын жаашы 5-6 жылда бир жолу кайталанат.