-35 градус суук… Ак-Талаада мектептер аралыктан окутууга өттү
Новость

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун мектептери аба ырайынын курч шарттарына байланыштуу бир жумага аралыктан окуу форматына өттү. 

Маалыматка караганда, эртең менен аба температурасы -30…-35 градусга жетип, нормадан ашкан. Айрым окуучулар мектепке саат 7–8дерде, алыскы аймактардан, 2 чакырымга чейин жүрүп барышат.