Таиланддын Пхукет шаарында сейилдөөчү катер менен балык уулоочу кеме кагылышып, 55 адам жабыркады.
Маалыматка караганда, алардын арасында Кыргызстандын жарандары да бар. Бул маалыматты тышкы иштер министрлиги тастыктады.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, катердин бортунда Россиянын 33 жараны, ошондой эле Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка бир катар өлкөлөрдөн барган эс алуучулар болгон.
Алган жаракаттарынан улам 2008-жылы туулган россиялык кыз каза болгону кабарланды.
Каргашалуу окуя 11-январда эртең менен болгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Чет элдик басылмалар тараткан маалыматка ылайык, "Korawich Marine 888" катерин башкарган оператор негизинен орус тилдүү туристтер үчүн арзан баадагы экскурсиялык сапарларды уюштуруп келген. Аталган компаниянын катерлери буга чейин да аварияларга кабылганы белгиленет.