Жалал-Абад облусундагы №13 аймактык шайлоо округунда өтө турган шайлоону чагылдырууга 16 жалпыга маалымдоочу каражат расмий катталды.
Анын ичинен 9у телеканал болсо, үчөө радио, интернет агенттиги жана бир гезит бар. Катталган массалык маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин үгүт материалдарын мыйзам чегинде, так жана бейтарап чагылдырууга милдеттүү.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад облусундагы №13 округдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 1-мартка белгиленди. 9-февралда үгүт иштери башталып, 28-февралда токтойт.