Ижарадан кийин сатып алуу тартиби боюнча батирлер үч багытта бөлүштүрүлөт: жеңилдетилген ипотека, жеткиликтүү ипотека жана социалдык ипотека. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинин «Элден Собол» программасынын түз эфиринде МИКтин калк менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева билдирди.
Анын айтымында, батирлерди бөлүштүрүүдө ар бир багыт боюнча кезекте турган жарандардын саны эске алынат.
Социалдык ипотекага батирлердин үлүшү азырынча аз, анткени бул багыт 2023-жылы гана киргизилген.
Ошондуктан батирлерди бөлүштүрүүдө социалдык ипотекага туура келген үлүш да азыраак