Кыш күч алат: Эртеңден тарта аба ырайы кескин өзгөрөт
Новость

16-17-январь күндөрү өлкө аймагында аба-ырайы өзгөрөт. Мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир аймакта туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге чейин жетет. 

17-19-январь күндөрү абанын температурасы кескин төмөндөйт:

  • Чүй, Талас өрөөндөрү: түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрү: түнкүсүн -2…-7°, күндүз -2…+3°; тоо этектери: түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°;
  • Ысык-Көл ойдуңу: түнкүсүн -7…-12°, күндүз -4…+1°;
  • Нарын облусунун дыйканчылык жана тоолуу аймактары: түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°; бийик тоолуу райондор: түнкүсүн -26…-31°, күндүз -9…-14°;
  • Суусамыр өрөөнү: түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16°.