Агартуу министрлиги Бишкек шаарынын №87 жалпы билим берүү мектебинде кыргыз тили сабагы учурунда мугалимдин жүрүм-турумуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирет.
Агартуу министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иштерди дароо баштады. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан атайын комиссия түзүлүп, учурда №87 мектепте орун алган кырдаалды териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул окуя Агартуу министринин жеке көзөмөлүндө.
Агартуу министрлиги тарабынан алдын алуу чаралары күчөтүлүп, республика боюнча бардык педагогдор менен кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Окуялардын алдын алуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга багытталган тренингдерди өткөрүү үчүн билим берүү уюмдарына психологдор жөнөтүлөт.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мугалим окуучуну уруп жаткан тасма желдей тарап, блогер Эламан Карымшаков окуя Бишкектеги №87 мектепте болгонун жазган. Видеодо доскага чыгып, суроого жооп бере албай калган окуучуну мугалим урган учур тартылган.