Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн, ошондой эле бул өлкөгө барууну же андан чыгып кетүүнү пландап жаткан Кыргызстандын жарандарына коопсуздук чараларын сактоону сунуштады.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда көптөгөн эл аралык авиакомпаниялар Иранга жана Ирандан каттамдарды кыскартышкан же убактылуу токтотушкан. Учуу графигинде да тез-тез өзгөрүүлөр болуп жатат. Аба жолу менен чыгуу мүмкүн болбой калган учурда коңшу өлкөлөр аркылуу кургактык жол менен кетүү мүмкүнчүлүгү бар.
ТИМ белгилегендей, кыргызстандыктар Арменияга жана Түркияга визасыз кире алышат. Ал эми Түркмөнстан аркылуу өтүү үчүн кирүү же транзиттик виза маселеси боюнча Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилигине алдын ала кайрылуу зарыл.
Учурда Ирандын Афганистан жана Ирак менен болгон чек ара өткөрмө пункттары ачык. Бирок Пакистан жана Азербайжан менен кургактык чек аралары жабык бойдон калууда. Башка өлкөлөргө өтүүнү каалагандар тиешелүү мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн виза маселесин алдын ала такташы керек.
Ирандан чыгууга жардамга муктаж жарандар Кыргызстандын Ирандагы элчилигине же ТИМдин Консулдук департаментине жеке маалыматтарын жана болжолдонгон чек ара өтүү пунктун жөнөтүүсү сунушталат.
Ошондой эле министрлик жакын арада Иранга барууну пландап жаткан жарандарды кырдаал турукташканга чейин сапардан карманууга чакырат.