Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков фейсбук баракчасына депутат Камила Талиевага жооп берди.
“Депутат Камила Талиеванын микрофонун талаштыңбы же бербей койдуң беле?”-деп көп киши сурап кайрылып жатат. Түшүндүрө кетейинчи. Анын микрофонун мен алып кое албайм жана сүйлөбө деп дагы токтото албайм. Болгону, трибунадан тактап алып анан маалымат таратса деп кайрылдым эле.
Ал, мурунку күнү: “Мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбоорунда “Кеменгер наамы” деген бар экен. Бул мыйзам долбоорду киргизип жаткандар уялыш керек. Кеменгер деген наамды кабыл алсак, анда шерменде болобуз”-деген мазмунда такталбаган маалыматты тараткан.
Ооба, мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке 2025-жылдын 17-декабрында киргизилген. Бирок, долбоордо “Кеменгер наамы”, “Кеменгер сыйлыгы” деген сөз дагы жок. Ошол себептүү, депутатты алгач тактап алып анан микрофонго чыксаңыз деген сунушумду бергемин. Ага чычалаштын кереги жок, мыйзам долбоорун эле карап койсо баары түшүнүктүү болот",-деп жазган ал.