Тигүүчүлөргө жеңилдик: 6 пайыз менен насыя берүү программасы кабыл алынды
Новость

Министрлер кабинети 14-январда чакан жана орто бизнеске, анын ичинде тигүүчүлөргө, 6 пайыздык жеңилдетилген насыя берүү программасын кабыл алды. Бул тууралуу экономика министри Бакыт Сыдыков парламентте билдирди. 

Анын айтымында, насыя портфелинин көлөмү 3–3,6 млрд сомду түзүп, анын 300 млн сому субсидияга багытталат. Ишкерлер насыяны 5 жылга чейин ала алат. Тигүүчүлөр үчүн жеңилдетилген мөөнөт дагы 6 айга узарып, мурда алынган насыяны кайра каржылоого мүмкүнчүлүк берилет. 

Ошондой эле 2030-жылдын 1-январына чейин тигүү жана текстиль тармагында камсыздандыруу төгүмдөрүнүн бирдиктүү ставкасы орточо айлык акынын 12–40 пайызы, ал эми киреше салыгынын минималдуу ставкасы 1 пайыз болуп белгиленди.