Эртең, 20-январда эртең мененки саат 09:00дөн түнкү 02:00гө чейин Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Суу 3–10-кичи райондордо, Айтматов проспектиси – Абдрахманов көчөсү – Бакаев көчөсү – Масалиев проспектиси – Токтоналиев көчөсү – Ататүрк сейил багы – Ахунбаев көчөсү – Аламүдүн дарыясы – Байтик баатыр көчөсү – Ала-Арча дарыясы – Семетей көчөсү менен чектелген аймакта болбойт.
Бул учурда Рысмендиев көчөсүндө өткөргүч көчүрүлөт.