Нарын облусунун аймагындагы ашууларда жана унаа жолдордо абал туруктуу. Жолдор ачык, унаа каттамы үзгүлтүксүз жүрүп жатат.
Жол чарба департаментинин Нарын облустук аймактык бөлүмүнүн башкы адиси Канатбек Кыдырбаевдин айтымында, жол тейлөө ишканалары тарабынан үзгүлтүксүз кезмет уюштурулуп, Кызыл-Бел жана Долон ашууларында, ошондой эле Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун тайгак тилкелерине кум-туз аралашмасы чачылууда.
Мындан тышкары, атайын техникалардын жардамы менен жол кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө.
Жолчулар кандай кырдаал болбосун айдоочуларды жолдо жүрүүдө каршы тилкеге чыкпоого, жол эрежелерин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.