Унаа оңдоочу жайдан чыккан өрт өчүрүлдү
Новость

Бүгүн, 20-январда Бишкек шаарынын Ленин районундагы Балбан-Таймаш конушундагы техникалык тейлөө борборунан (СТО) чыккан өрт саат 09:17де толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Маалыматка караганда, өрт өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам тобу бир дрону менен жана штаб тартылган. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 250 чарчы метрди түзүп, жабыркагандар болгон эмес.