2026-жылдын 19-январында болжол менен саат 18:00 чамасында Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунааны айдоочулук күбөлүгү жок жана мас абалында башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын МККБ Басма сөз кызматы билдирет.
Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлеринин автоунааны токтотуу боюнча мыйзамдуу талабына баш ийбей, айдоочу кызматкерлердин бирин унаанын капотунда 50 метрден ашык аралыкка чейин алып кеткен.
Аталган факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин Маалыматтарды электрондук журналында катталган.
Укук бузуучу Ленин райондук ИИБге жеткирилип, анын 1986-жылы туулган Т.И. аттуу жаран экендиги аныкталган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, андан соң Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ички иштер органдары жарандарды жол кыймылынын эрежелерин, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так сактоого чакырат.
Мындай аракеттер, анын ичинде каршылык көрсөтүү жана кызматкерлердин өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч жаратуу, жол берилгис болуп саналат жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.