20-январь саат 09:50гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттамдар бар. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жети облустагы жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймактарды көзөмөлгө алышып, кезметке туруу менен күнү-түнү жолдорду тазалап, кум-туз аралашмаларын себүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Ошондой эле, министрлик айдоочуларды жол эрежелерин так сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырды.