Бишкек шаарынын Свердлов районунда алдын ала маалыматка караганда, Аламүдүн айылындагы мечиттен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:16да Свердлов райондук №3 өрт-куткаруу бөлүгүнүн 2 күжүрмөн эсепи жана штаб тартылды. Алардын аракетинин натыйжасында өрт саат 12:18де толук өчүрүлдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн маалыматына караганда, өрттүн аянты болжол менен 150 чарчы метрди түздү. Өрт учурунда 1994-жылы туулган эркек киши колунан жеңил жаракат алган.