Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган инспекторлор борбор калаадагы курулуш объектилерине рейд өткөрүштү. Натыйжада “Бина Групп” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.
Бул чарага Бишкек шаарынын Т. Океев көчөсү 9 жана 11 дарегиндеги 5 кабаттуу окуу борборунун курулушунда ченемдер жана талаптар так сакталбагандыгы себеп болду.
Министрлик бардык курулуш уюмдарын жана жеке жактарды мамлекеттик мыйзамга ылайык курулуш эрежелерин, ченемдерди жана техникалык регламенттерди так сактоого чакырды.
Эскерте кетсек, рейд ишемби жана жекшемби күндөрү да улантылат.