Чоң Алай жана Алай райондорунда «Агрозоовет-2026» окуу караванынын алкагында семинар өттү
Новость

2026-жылдын 19-20-январында Чоң Алай районунун Дароот Коргон айылында жана Алай районунун Гүлчө  айылында  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган АгроЗооВет–2026 окуу караванынын алкагында окутуу семинары өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — дыйкан-фермерлердин жана айыл чарба адистеринин билим деңгээлин жогорулатуу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу жана тармактагы актуалдуу маселелер боюнча маалымат берүү.

Семинарга райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, министрликтин мал чарбасы жана ветеринария багытындагы адистери, аймактык түзүмдөрдүн кызматкерлери, мамлекеттик банктардын өкүлдөрү, ошондой эле “30+20+10” долбооруна катышкан фермерлер жана кайра иштетүүчү ишканалардын жетекчилери катышты.

Семинардын жүрүшүндө мал чарбачылыгын өнүктүрүү, ветеринария, тоют базасын жакшыртуу, мамлекеттик колдоолор жана каржылоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалыматтар берилди.